Рафаэль Физиев өзүн аэропорттон аз адам тосуп алгандыгы боюнча социалдык баракчасы аркылуу билдирүү калтырган.
8-август күнү "UFC 265" турниринде америкалык мушкер Бобби Гринди жеңип, катары менен төртүнчү жеңишин камсыздаган мекендешибиз Рафаель Физиев Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген. Анда белгилүү мушкерди аэропорттон туугандары менен достору гана тосуп алган. Социалдык тармактарда бул талкуу жаратып, ар кандай суроолор жаралган. Алардын бири эмне үчүн Физиевди Хабиб Нурмагомедовду тоскондой тосуп алышкан жок деген.
Бул боюнча Физиев аны тосуп алуу үчүн аэропортко аз адам келүүсүн өзү каалаганын айтты.
"Кыргызым, "мени тосуп алган жок" деп азыр ар кандай талкуу болууда. Бардыгыңыздарга кайрылгым келет, мында эч кандай жамандык жок. Себеби мен өзүм шаан-шөкөттү жаман көрөм. Мен тынч келүүнү каалагам. Мени үй-бүлөм тосуп алды. Баары жакшы, мен баарыңарга ыраазымын", - деген Физиев.