Мекендешибиз Анара Мурзакулова орусиялык "Кондитер" теледолбоорунун финалына өттү. Бул тууралуу эфирде белгилүү болду.
Кондитер Анара Мурзакулова орусиялык көңүл ачуучу "Пятница" телеканалында "Кондитер" теледолбоорунун 5-сезонунун суперфиналына өттү. Долбоордо ал кыргыздын улуттук кийимин кийген кыздын жана комуздун түзүлүшүн чагылдырып торт жасаган. Торт эки кабаттан турат.
Белгилүү орусиялык кондитер Ренат Агзамов алгач торттун даамын татып көргөн. Андан соң калыстар тобунун эки мүчөсү да даамдап көрүп, торттун көрүнүшүн, даамын жана жытын жактырышкан.
"Бул долбоордун беш мезгилиндеги эң даамдуу шоколад тортторунун бири. Бул 100 пайызга даяр коммерциялык рецепт. Эгерде азыр мага рецептти берсеңиз, дароо буйрутма менен жасатып сата баштамакмын. Сиз кереметсиз! Сиз финалдасыз", - дейт Ренат Агзамов.
Жыйынтыгында калыстар тобу 1ден упай беришип, Анара Мурзакулова финалга чыкты. Эми ал 1 миллион рубль жана Орусиянын башкы улуттук кондитер ашпозчусу наамы үчүн ат салышат.