Биз социалдык тармакта

500 сомго чейин көтөрүлөт. Өлкөдө 1-октябрдан тартып пенсия жогорулайт

Өлкөдө ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын өлчөмү жогорулайт. Бул тууралуу социалдык камсыздоо фондунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-октябрынан тартып 4 миң 785 сом 4 тыйын сомго чейинки пенсия 200 сом, ал эми андан жогорку суммадагы пенсиялар 500 сомго жогорулайт.

Буга чейин Министрлер кабинети жалпы пенсиянын суммасы өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунан (4 миң 785 сом 4 тыйын) төмөн болсо, аны 10 пайызга жогорулатууну сунуштаган.

Ал эми Социалдык фонд өлкөдөгү орточо пенсия 6 миң 248 сом экендигин маалымдады. Өлкөдөгү пенсионерлердин 48 пайызы же 343 миң 800 пенсионер жашоо минимумунан төмөн пенсия алат.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө пенсия алуучулардын жалпы саны 715,5 миң адамды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Antiradikal3
2021-08-13 11:25:37
2020-жылдын башынан бугунку кунго чейин азык-тулук, дары-дармек ж.б. болгон баа кеминде 1,5-2 эсе осту. А пенсия болгону 10% особу бар болгону? Уят жок экен да бийликте........
+1
Kuban-1207
2021-08-13 11:40:31
Андан көрө кошпой эле койбойбу
+2
elinur
2021-08-13 11:54:32
Пособия качан которулот референдум шайлоодо олуп калышкан эле кокуй эн томон пенсия пособия 5000мин болот деп шайлодо эптеп женип алып эми эмне кылаарын билишпей журушот
+4
Zhainash
2021-08-13 14:57:45
elinur,Ооба туура айтасын пасобия 810 сом аны да эч болбосо 1000 сом кылып койушса жакшы болот эле
+1
Alfiya
2021-08-13 12:39:02
Айлыкты качан которосунор
+3
Aimani
2021-08-13 13:00:07
Инвалидность бар балдардыкын дагы которушсо болот эле.4мин же дарысына же памперсине же ичкен жегенине жетпейт.
+5
PFC-CSKA
2021-08-13 13:25:38
Лучше аз алгандарга кобуроок кошсо логично болот эле го
0
Almaz_kg
2021-08-14 12:36:09
аз пенсия алгандарга эмнеге 500 сомдон кошпойт ,менин пенсиям 4000ге да жетпейт, жылда канча кошот деп умуттонуп жашайт мага окшогондор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан