1-сентябрь - Билим күнү быйыл өлкө боюнча 15-сентябрга жылдырылды.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында 15-сентябрда окуу жылы салтанаттуу линейка менен башталып, андан кийин кадимки сабактар өткөрүлүп, иш күнү болорун билдирди.
Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен быйыл республиканын бардык билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн салтанаттуу линейка уюштурулат.