Биз социалдык тармакта

"Сабырдуулук кылып күтө тургула". Садыр Жапаровдун "Манастын уулу Семетей" көркөм тасмасынын тартылып жатышы боюнча пикири

Президент Садыр Жапаровдун "Манастын уулу Семетей" көркөм тасмасынын тартылып жатышы боюнча пикирин бүгүн, 13-августта социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасынын тартылып жаткандыгы боюнча билдирүү берип коёюн деп чечтим. Анткени менин атым да аталып жатат.
Кинорежиссёр Өмүрзак Төлөбеков менин кабыл алуумда болгону анык. Кино тартайын деп жатам деген идеясын айткан. Иштейм деген жараныбызды иштебе деп кантип тыям?
Бирок ошол эле мезгилде бир шарт койгом. "Бул жөнөкөй тема эмес. Ошондуктан тасманы тартып бүткөнүңүздөн кийин манасчыларды, ак сакал-көк сакалдарды, тарыхчыларды, кыскасы өнөр адамдарынын баарын бир залга чогултуп алып, биринчи көрүп чыгалы. Кемчиликтери болсо толукташсын, аша чапкан жери болсо алып салышсын. Андан кийин анан чыгарасыз. Болбосо чыгарбайсыз" деген шарт койгом.
Сабырдуулук кылып күтө тургула. Ар нерсенин өзүнүн убагы келет", - деп жазды ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
AJow
2021-08-13 15:24:52
"Ак сакал" го мейли, ал эми "кок сакал" деген эми президент айтчу созбу?
-1
Tursunbaev1978
2021-08-14 18:47:36
AJow,ошондой сөз бар,кылдан кыйкым издеген калкпызда
+2
Mister-XXX
2021-08-14 22:18:01
AJow,Ак сакал-көк сакал деген илгертен эле айтылып жүргөн сөз.Китеп окубаганыңдын белгиси.
+4
Zumrudianka
2021-08-16 03:57:28
AJow, ак сакал улуу жаш, кок сакал 50, 60 жаш. Эмне болуптур президент адам эмеспи. Эн туура суйлогон кенешип кескен бармак оорубайт.
0
nargiz-sa
2021-08-13 16:26:51
Сабыр эле дейт экен да
+2
Kamchy-bek
2021-08-13 22:22:29
Кино тартуу, ар кайсы оюн зоок, шаар паар курчу убакпы, фабрика , завод, производство , агрария жок дегенде бак отургузуп ,ушундайларга убакыт коротсок анан жашообуз оңолот эле да, карыз да келатат, аттиң
+6
Adi010891
2021-08-13 22:36:47
Сокенин фишкасы факт эле, Сакеники сабыр экен
+6
Kamchy-bek
2021-08-13 22:55:51
Тигил жакта болсо тажиктер жолдо кетип бараткандарды атып өлтүрүп коюп, кайра мактанып жатса деле баары бир экен да, биз болсо кино тарталы да...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан