"Дөңгөлөккө кыпчылып калган". Жалал-Абадда 2 жашар кыз агасынын унаасынын алдында калып чарчап калды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда эки жаштагы кыз агасынын унаасынын алдында калып дөңгөлөккө кыпчылып калган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, окуя 11-август күнү саат 19:00дөр чамасында болгон. Анда Базар-Коргон районунун Аук айылынын Э.Ш. аттуу 25 жаштагы тургуну Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын жууп, жылдырып жаткан учурда бир тууган агасынын эки жаштагы Х.А. аттуу кызы дөңгөлөккө кыпчылып калып кокустукка учураган.

"Натыйжада 2 жашар наристе Базар-Коргон райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок эртеси, 12-августта өзүнө келбей чарчап калган", - деп билдиришти облустук милициядан.

Окуя боюнча чарчап калган кыздын ата-энеси эч кимге доосу жок экендигин айтып, арыз жазуудан баш тартканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2021-08-13 14:28:21
Кокустук
+5
Nurpeyil14
2021-08-13 15:09:26
Кандай гана окунучтуу,Периштенин ата-энесине сабыр берсин Аллахым!
+5
Rifle_I
2021-08-13 16:13:07
:(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан