Буга чейин Бишкек шаарында 39 жаштагы Жанабек Акматов аттуу жаран дайынсыз болуп изделип жатканы маалым болгон. Ал аман-эсен табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 10-августта Беловодское айылынан табылган.
"Байкебизди көргөндөр бизге чалып билдиришти, барсак чын эле аталган айылда жүрүптүр. Ал жакка кандайча барып калганы белгисиз. Операциясы ийгиликтүү жасалды. Учурда абалы жакшы. Кайдыгер эмес бардык жарандарга ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деп билдиришти туугандары.
Эске салсак, Акматов 3-августта Республикалык ооруканада операцияга даярданып жаткан учурда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.