Биз социалдык тармакта

Сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген окуяга байланыштуу Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын министрлери сүйлөштү

Бишкекте балдар паркында кардар сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген окуяга байланыштуу Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын тышкы иштер министрлери сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашат.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргыз жергесиндеги орус тилдүү калктын өкүлдөрүнө карата улутчулдук мамилеге байланыштуу орус коомундагы резонанска көңүл бурду. Ал мекендештердин укуктарына жана кадыр-баркына шек келтирбөө үчүн Кыргыз Республикасынын бийлигин мындай окуяларга мүмкүн болушунча тезирээк жооп берүүгө чакырды.

Ал эми Руслан Казакбаев эки мамлекетте тең болушу мүмкүн болгон мындай аракеттерге, ким жасаганына карабай тийиштүү баа берилип, эки тараптуу мамиледе терс кесепеттерди болтурбоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүү керектигин белгиледи.

Тараптар союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда өзгөчө артыкчылыктуу мүнөзгө ээ болгон Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында тиричилик улутчулдукту жоюу боюнча мындан ары конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти", - дешти мекемеден.

Маалымат үчүн:

Окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борбордо болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси "ээнбаштык" менен катталган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында, чыр салган киши 29 жаштагы А.А. аттуу жаран экени аныкталып, Октябрь РИИБине алып келинген. Көп өтпөй бул окуя боюнча Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко үн каткан. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз тилин билбеген кызды чаап жиберген А.А.га расмий эскертүү берген болчу.
Көп өтпөй бул окуяга Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин реакция кылып, Кыргыз өлкөсүнүн Жокорку Кеңешинин төрагасына бул окуяны жеке көзөмөлгө алуу тууралуу кайрылуу жолдорун билдирген.

10-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуп, аталган оюн-зоок борборунда орун алган Кыргыз Республикасынын жараны менен аталган мекеменин кызматкери, орус улутундагы Кыргыз Республикасынын жаранынын ортосунда болгон окуяны талкуулашкан.

Ал арада Орусиянын ички иштер министрлиги орус тилдүү кыргыз кызына кол салган Кыргыз жаранына он жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салганы маалым болгон.

29 жаштагы А.А.нын баш коргоо чарасын Октябрь райондук соту карап, 1 айга камакка алуу түрүндөгү чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Neizvestno777
2021-08-16 18:15:22
Эмне эле паника кылып жатышат ,Эгер ушул окуя наоборот Москвада болгондо кыргызча суйлогону учун орус урган болсо эч ким билбей калып кетмек
+12
Antiradikal3
2021-08-16 18:40:18
Neizvestno777, анда тескерисинче суйлонушмок. Мисалы орус кардарды тейлеп бирок ага кыргызча жооп берген кыз РФ жараны болчу болсо, мындай "барашканы" РФ жарандыгынан токтоосуз ажыратуу керек жана Кыргызстанга депортациялащ керек деп чыгышмак.......
+8
Antiradikal3
2021-08-16 18:42:49
Кыргыздын бийлиги ЛОХ да. Оруссия бийлиги биздин ички саясатка аралашып, кандай жашоо керектигин уйротуп жатат. Кыргызстандын бийлик адамы, ТИМ министри сеники туура деп баш ийкеп отурат. Тупизм.

Жапаров менен Ташиев озу Путиндин колунда пешка болгондон кийин......

Кыргызстанды тунгуюкка жетелеген мындай бийликтин барынан жогу........
+11
Antiradikal3
2021-08-16 18:45:09
Кыргызстанда жашап, кыргыз боло туруп, Кыргызстанда мамлекеттик тилде- кыргыз тилинде кызмат корсотулбосо бизге...... Кууруган экенбиз. Кайран гана мурдуна бок суйколгон КЫРГЫЗДАР... Бийликте Жапаров, Ташиев сыяктуу зоокур жана лох уулдарын турганда.... Тарткылыгын коп экен КЫРГЫЗЫМ........
+5
Napaleon
2021-08-16 19:00:29
Ишин болбо биз озубуз чечебиз дей турган министр керек. Кыргызстандын ички ишиге неге аралашат.
+6
nerrazuri
2021-08-16 19:06:56
Эми мени бироон урсан прямо Жиринооовскийге айтам Айрыйт-десе керек бул кыз.
+8
Asyl.jazi
2021-08-16 19:14:25
Ботолко менен чапкан окуяны айтпайбы министр.
+5
Evroset.Evroset.
2021-08-16 19:37:06
Эки кыргыз жараны уруша кетсе,эмне мынчалык мамлекеттик денгээлге чейин которушту? Эмнеге, Питердеги кыргыз сатуучу кызын, ботолко менен чапкан орус жараны тууралуу ооз ачышпайт? Карапайым калктын уруша кеткенине чейин, мурдун тыгып кийгилишууго Россиянин акысы жок. Акыры Кыз кыргыз жараны го? Ички жанжалга,болок мамлекеттин акысы жок болсо керек киришууго!?
+6
Altyn10076
2021-08-16 20:04:19
Бизде Бишкекте кыргыздар кыргызча сүйлөй албагандар көп . Кыргыз болуп туруп
-2
Mirnar
2021-08-16 21:09:55
Сассык орустар жаман тойгоздуго?! Биздин элим , жерим дегендер качан оз алдынча болуп тен ата, ооздорун жаба суйлошот экен?
+4
Aky12
2021-08-16 22:27:15
Ошо кызды уй булоосу менен кочуруп кетишсин,жаман эле болушту го,Видеодо корунуп турат кыз тилин тартпай чакчандап бир нерсени суйлоп,баланын нервине тийди окшойт.
+3
JaneEr
2021-08-17 10:37:50
Мени Москвада кассада иштегенимде ,чурка деп 50 сомдук майда тыйындарды бетиме чачкан эч ким унчуккан эмес,камера болсо да.Старший кассир кайра урушкан озуму унчукпай иште деп.Тим эле кыйын жунбаштар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан