АКШнын космостук технологиялык "Maxar Technologies" компаниясы Кабул эл аралык аэропортунун спутниктен тартылган сүрөттөрүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Спутник аэропорттун учуу-конуу тилкесиндеги баш аламандыкты, элди жана аэропорттун кире беришиндеги тыгындарын сүрөткө тарткан. Сүрөттөр кечээ, 16-август күнү эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:36да тартылган. Сүрөттөрдө учактардын жанындагы элди, ошондой эле америкалык аскердик техниканы көрүүгө болот.
15-августта интернет тармактарына Кабул аэропортунда асманга көтөрүлгөн америкалык учактан жерге кулап түшүп жаткан адамдардын видеосу тараган. Көп өтпөй эле интернет айдыңында учактын ичиндеги жык-жыйма адамдардын сүрөтү пайда болду.