Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болгон. Жабыркагандардын саны 14кө жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-август күнү Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Боом капчыгайын көздөй түшүп келе жатып, тормозу иштебей калган. Натыйжада аталган унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, Кубакы ашуусуна чыгып бара жаткан Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.
"Хово унаасында бир гана айдоочу болгон. Ал эми жүргүнчү ташыган унаада 18 адам болгон. Алар Нарын облусунун Ак-Талаа районуна бара жатышкан.
Жаракат алгандардын ичинен 12 жүргүнчү Кочкор райондук ооруканасына, ал эми экөө Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Жеринде тийиштүү кызматкерлер иш алып барууда. Каза болгон жана жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталып жатат", - деп билдиришти аталган кызматтан.