Саясатчы Өмүрбек Текебаев Кыргыз өлкөсүнүн Германиядагы элчиси болуп дайындалат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, буйрук сентябрь айында чыгат. Текебаев менен байланышканыбызда ал бул тууралуу маалыматы жок экенин айтты.
Ал эми саясатчынын кызы Айданек Текебаева Экономика жана финансы министрлигине жумушка киргенин өздүк булактар кошумчалады.