Кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков "Токио-2020" жайкы Олмпиада оюндарындагы Айпери Медет кызынын жарым финалдык беттешинде жеңилүүгө алып келген челленжди эмне себептен басканын Биринчи радиого берген маегинде айтып берди.
Башкы машыктыруучунун айтымында, ал челленжди күрөш учурунда талаштуу жагдай орун алгандыгы үчүн өз чечимин чыгарып баскан.
Айпери америкалык спортчу кыз менен күрөшүп жатканда талаш болуп калды. Мен машыктыруучу катары челленжди бастым. Ал жерде калыстар менен машыктыруучунун чечими кээде дал келбей калат. Мен өзүмдүн чечимимди чыгарып, челленжди баскам.
Бул жерде калыстар туура эмес чечим чыгарды деп айтуудан дагы алысмын. Себеби Олимпиадага эл аралык деңгээлдеги калыстар барат.
Биз спортчуларыбызды психологиялык жактан челленжи жок эле күрөшүүгө тарбиялайбыз. Челленж менен биз тарапка чечилип калган убакыттар дагы болгон. Негизинен биз спортчуларыбызды таза жеңишке жетүүгө тарбиялашыбыз керек", - деди Изабеков.
"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында Айпери Медет кызы жарым финалга чейин жетип, анда америкалык балбанга 3:2 эсебинде жеңилип калган.