"Токио-2020": "Көзүңө жаш тегеренет". Кыргыз желеги Токиодо желбиреди (видео)

Бүгүн, 23-июлда Япониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтүүдө.

Ачылыш аземде Олимпиадага катышкан өлкөлөрдүн спортчулары өз өлкөсүнүн желегин көтөрүп, салтка айланган параддан өтүштү. Кыргыз өлкөсү парадда 56-номер менен чыгып, өлкө желегин суучул Денис Петрашов менен Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыкты.

Парадга эң алгач Олимпиада оюндарынын мекенин көрсөткөн Грециянын курамасы чыкты. Андан кийин качкындар тобу параддан өттү. Олимпиаданы өткөрүүчү өлкө Япониянын курама командасы парадды жабат. Япониянын алдында кийинки эки жайкы Олимпиада оюндарын өткөрө турган АКШ жана Франция командалары өтөт.

Кыргыз өлкөсү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
azamat7386
2021-07-23 18:36:08
Ийгилик!
0
Nurpeyil14
2021-07-23 18:44:52
Формалары начар деп жатышты эле,эн сонун эле!
+2
Gisi
2021-07-23 18:57:48
Форма класс!
+2
Бектурган
2021-07-23 19:51:42
Неси көзгө жаш агызат? Жөн эле скромный болуп өтө берсеңер, акайыпка окшобой...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан