Оштун мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов мэрликке талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын талапкерлигин көпчүлүк коалиция сунуштады.
Ош шаарынын мэрин шайлоо 26-октябрда өтөт.
2-августта Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу болуп дайындалган.