Биз социалдык тармакта

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Алмаз Мамбетов Ош шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарына мэр болуп келери маалымдалган. Ага ылайык, президенттин иш башкармалыгынын башчысы Алмаз Мамбетов Ош шаарына мэр болору айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан