"Эшиктин кулпусун сындырып киришкен". Ысык-Көлдө уурулук фактысына шектүүлөр кармалды

Жети-Өгүздө үйлөрдөн акча каражаттарын уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 5-август күнү Жети-Өгүз РИИБине үйүнөн акча каражаттары уурдалгандыгы боюнча Кызыл-Суу айылынын тургуну кайрылган. Арызда кечке маал үйүнө келгенде эшигинин кулпусу сындырылгандыгы жана үйдүн ичинен 12 миӊ сом акча каражаты уурдалгандыгын билдирген.

Ушундай эле уурулук райондук борбордун башка тургунунда да катталган. Анда белгисиз адамдар үйдүн ээсинин жоктугунан пайдаланып, 14 миң 500 сом акчасын уурдап кетишкени белгилүү болгон.

Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси "уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштарга шектүү катары Кызыл-Суу айылынын 30 жаштагы эки тургуну колго түшүрүлдү. Алар өздөрүнүн күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышып, уурдалган акча каражаттарын өз кызыкчылыктарына жумшагандыгын айтып көрсөтмө беришкен. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда жана шектүүлөрдүн башка уурдоо фактыларына катыштыгы бар же жогу текшерилүүдө", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан