Жөлөк-таяк болушуп... Жарандарын жана чет элдиктерди Ооганстандан эвакуация кылган өлкөлөр

Бүгүнкү күндө "Талибан" кыймылы Ооганстанды басып алгандан кийин жарандардын өлкөдөн чыгуусу күч алган учур. Кабул эл аралык аэропортундагы коопсуздукту аба майдандын кызматкерлери жана АКШнын аскерлери көзөмөлдөп, саат сайын учактар учуп, конууда.

Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, акыркы 24 саат аралыгында 5 миңге чукул дипломаттар, коопсуздук кызматтын кызматкерлери, гуманитардык жумушчулар жана оогандыктар өлкөдөн чыгып кетишти. Аскердик аба каттамдары күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Ооганстандагы ызы-чуудан кийин жарандарын эвакуациялап жаткан өлкөлөрдү тизмектеп көрдүк.

АКШ


Бир түндө Америка Кошмо Штаттарынын аскердик аба күчтөрүнүн Боинг С-17 үлгүсүндөгү 9 учагы аба майданга конуп, аскерлер үчүн жабдууларды жана кошумча миң америкалык аскерди жеткиришти. Жети учак 800 кишиге чейин, анын ичинде америкалык аскерлер менен кызматташкан оогандыктарды алып, артка кайтты. Түштөн кийин дагы бир нече учак келди.
Пентагон ошондой эле 22 миң ооган качкындарын АКШдагы эки аскердик базага жайгаштырууну көздөп жатат. АКШнын Коргоо министрлиги эвакуациялоону күчөтүп, күн сайын 10 миңге чейин адамды эвакуациялай турганын билдирди. Буга чейин америкалык учактар ​​менен Кабулдан 5 миңден ашуун адам эвакуацияланган. Акыркы маалыматтарга таянсак, учурда Кабулда 4500дөй америкалык аскерлер бар.


Улуу Британия


Британ күчтөрү дагы 1000 жаранын жана ооган качкындарын эвакуациялоону пландоодо. Аталган өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон Аскердик аба күчтөрү Кабулдан дипломатиялык корпусту (элчиден башкасы), Ооганстанда келишим менен иштеген британиялык жарандардын айрымдарын жана 2 миң 52 ооганды чыгарганын билдирген.

Германия

Германия Кабулдун аэропортунан 500 кишини алып кеткени кабарланды. Тышкы иштер министри Хейко Маас кошумчалагандай, эвакуацияланган адамдардын бештен бир бөлүгү Ооган жарандары. Германия калган немистерди, оогандарды жана башка мамлекеттердин жарандарын 30-сентябрга чейин эвакуациялоону мерчемдеп жатат.

Франция


Аталган өлкө 18-августка караган түнү экинчи учак менен 216 кишини, анын ичинде 184 ооганды эвакуациялады. Алар Франциянын Кабулдагы элчилигинин имаратында жашынып жүргөн адамдар. Алар Абу-Дабиге жеткирилди. Биринчи учак өлкөдөн 41 адамды алып чыгып, Парижге жеткирилген.

Испания


Бул мамлекет Кабулдагы Испания элчилигинин кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрү менен иштеген оогандыктарды кошкондо 500дөй кишини аба аркылуу эвакуациялоону пландап жатат.

Нидерланды


Нидерландынын Финляндия жана Норвегия менен бирге жөнөткөн Боинг С-17 учагы адамдарды ала албай, бош учуп кеткен. Учак жарым саат бою жарандарды күтүп турган. Бирок экинчи учак Нидерландынын, Бельгиянын, Германиянын жана Британиянын 35 жаранын алып кеткен. Бул мамлекет Ооганстандан
элчиликтердин жалпы миңдей кызматкерин, котормочуларды жана алардын үй-бүлөлөрүн эвакуациялоону көздөөдө.

Австралия - Аба күчтөрүнүн биринчи учагы 26 кишини алып чыккан, алар Австралиянын, Ооганстандын жарандары жана эл аралык агенттикте иштегендер бир чет элдик чиновник бар. Учак Бириккен Араб Эмирлигине келген.

Япония - учурда Ооганстанда калган аз сандагы жарандары менен тыгыз байланышта. Ал эми Япониянын Кабулдагы элчилиги жабылган, кызматкерлеринин акыркы 12 мүчөсү эвакуацияланган.

Канада - АКШ Кабул аэропортуна көзөмөлдү калыбына келтиргенден кийин Канаданын өлкөнүн куралдуу күчтөрү аскердик аба каттамдарын жандандырууну пландап жатканын билдирди.


Индия - бул республика Ооганстандан 170 жаранын, анын ичинде Кабулдагы элчисин алып чыгып кетти.


Дания - республиканын өкмөт башчысы Ооганстандан 84 жаранын алып чыгып кеткенин белгилеген.

Венгрия - Ооганстанда кара жумушта иштеген 26 жаранын эвакуациялады.

Польша - Ооганстандан 50 жаранын алып чыгып кетти, жалпысынан 100гө чукул польшалык жаран эвакуацияланышы керек.

Швейцария - өкмөт Ооганстандан жардам берүүчү агенттиктин 230 кызматкерин жана алардын үй-бүлөлөрүн эвакуациялоо үчүн иштеп жатканын билдирди. Швейцариянын Кабулдагы өнүктүрүү агенттигинде иштеген 40ка жакын жергиликтүү кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү гуманитардык операциянын алкагында Швейцарияга кабыл алынат.


Түркия - президент Режеп Тайип Эрдоган билдиргендей, Түркия 552 ооган жаранын эвакуациялаган, анын ичинде 200ү шаршемби күнү Кабулдан Исламабадга учуп кеткен.

Казакстан - 18-августта Алматыга Ооганстандан эки учак келди. Биринчи каттам менен 25 казакстандык жана 17 чет мамлекеттин, арасында Кыргыз жарандары кошо келген. Экинчи бортто БУУнун 141 кызматкери болгон.


Эске салсак, 15-августта талибдер Ооганстандын бардык аймагын көзөмөлгө алышканын жарыялашкан. Көптөгөн штаттар өлкөдөгү дипломатиялык миссияларын бүтүрүп, жарандарын эвакуациялоого киришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан