Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында коронавируска каршы вакцина алгандан кийин терс таасирлери байкалган аскердик бөлүктүн 56 жоокеринин абалы жакшы. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммундук профилактика борборунун директору тарабынан белгилүү болду.
Белгилүү болгондой, бүгүнкү күнгө карата аскер кызматкерлери абалдары жакшы делинип медициналык бөлүктөн чыгарылды. Азырынча алар вакцинанын экинчи дозасын алыша элек.
Эске салсак, Ала-Бука айылындагы аскердик бөлүктө 90 адам коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын алышкан. 5-августта 44 жоокерде терс таасирлер байкалган. Бул окуядан кийин атайын комиссия түзүлүп, жерине жөнөп кетишкен. Ал эми аталган вакцинаны колдонуу убактылуу токтотулган.
8-августта эмдөөдөн өткөндөн кийин организминде терс таасирлер байкалган жоокерлердин саны 56га жеткенин министрликтен кабарлашкан.
Ковид-19га каршы вакцина алгандан кийин келип чыккан бардык жагымсыз окуялар олуттуу эместиги, иммундаштыруудан кийинки жагымсыз окуя жаш куракка мүнөздүү болгон эмдөө жөнүндө тынчсыздануу (коркуу, тынчсыздануу) менен байланышкан реакция катары бааланганы маалымдалган. Мындан кийин AstraZeneca вакцинасын эмдөөдө колдонуу кайра жандандырылды.