"Бир апта мурун үйүнөн чыккан бойдон кайтып келе элек". Балыкчыда 18 жаштагы Азим Садырбеков изделүүдө

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 18 жаштагы Азим Садырбеков аттуу жигит дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Ал 13-август күнү болжол менен саат 11:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон бүгүнкү күнгө чейин кайрылып келген эмес.

Белгилери: Бою 165-170 сантиметр, көзү кара, арыкчырай дене түзүлүштө, ак жумал, желкесинде тоголок формадагы калы бар.

Кийген кийимдери: ак футболка, кара жынсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим.

Милиция сүрөттөгү баланы көргөн же билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну суранат: (03944) 3-27-03, 0700 55 90 98, 0551 26 79 97, 0509 24 24 44, 102.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан