Акыркы учурларда дүйнөдөгү айрым өлкөлөр арасында орун алып жаткан куралдуу кагылыштар мекен коопсуздугун камсыз кылган армия, аскердик күч, согуштук техника сыяктуу темаларды кайрадан көңүл чордонуна алып келди. Мындан улам кызыктуу маалымат иретинде дүйнөдөгү мамлекеттердин армия күчтөрүн изилдеген Global Firepower веб-сайтынын 2021-жылга карата жаңыланган рейтингин сунуштайбыз.
Аталган веб-сайт 15 жылдан бери 140тан ашык өлкөнүн армия күчүн изилдеп келет. Өлкө армияларын рейтингге жайгаштырууда армияга жумшалган каражаттан тартып өлкөнүн географиялык абалына чейин жалпы 50дөн ашык критерий эске алынат. Ошондой эле аталган рейтингдеги эң негизги нерсе өзөктүк куралдар (ядерное оружие) армиянын күчүн өлчөөдө эч кандай таасирин тийгизбейт, башкача айтканда веб-сайт рейтингди түзүүдө өзөктүк куралдарды эске албайт.
2021-жылга карата жаңыланган рейтингдин алдыңкы ондугуна кирген армиялар төмөнкүлөр:
1. АКШ
Аскерлердин саны - 1 миллион 400 миң
Согуштук танкттар - 6 миң 100
Аба техникалары - 13 миң 223
Авианосецтердин саны - 11
Суу астындагы согуштук кеме - 68
Өзөктүк куралдар - 1 миң 350
Армиянын бюджети - 740 миллиард 500 миллион доллар
Америка Кошмо Штаттары армиясынын күчтүүлүгү боюнча бир канча жылдан бери лидерлик орунду эч кимге бербей келет. Аталган өлкө армияга жумшаган каражаттын көлөмү боюнча башкалардан кыйла алдыда орун алган. Куралдуу күчтөрүн чыңдоо үчүн АКШ ар жылы 740 миллиард доллардан ашык акча сарптайт.
Ошондой эле бул өлкө согуштук аба күчтөрү жагынан да бир да мамлекетти алдына чыгарбай тургандай күчкө ээ. Аталган өлкөнүн абадан салгылашуучу техникаларынын саны (13 миң 223) кийинки орунда турган Орусиянын аба күчтөрүнөн 3 эсе көптүк кылат.
Муну менен катар дүйнөдөгү авианосецтердин (ачык деңизде учактар конуучу кеме) эң көп саны да (11) АКШга таандык.
2. Орусия
Аскерлердин саны - 1 миллион 13 миң
Согуштук танкттар - 13 миң
Аба техникалары - 4 миң 144
Авианосецтердин саны - 1
Суу астындагы согуштук кеме - 64
Өзөктүк куралдар - 2 миң 76
Армиянын бюджети - 42 миллиард 129 миллион доллар
Орусия кургакта салгылашуучу согуштук танктардын саны жагынан дүйнө өлкөлөрү арасында лидер болуп саналат. 13 миң даана согуштук танктын күчүнө ээ болгон Орусиянын армиясы бул жаатта АКШны да артка калтыра алат. Ошондой эле өзөктүк куралдардын эң көп саны да Орусияга таандык (2 миң 76).
Белгилей кетүүчү нерсе, Орусия армиянын күчтүүлүгү боюнча АКШга негизги атаандаштыкты жараткан өлкө болуп саналат.
3. Кытай
Аскерлердин саны - 2 миллион 183 миң
Согуштук танкттар - 3 миң 205
Аба техникалары - 3 миң 260
Авианосецтердин саны - 2
Суу астындагы согуштук кеме - 79
Өзөктүк куралдар - 320
Армиянын бюджети - 178 миллиард 200 миллион доллар
Кытай өлкөсү армиянын күчтүүлүгү боюнча 3-катарда жайгашканы менен аскердик күчтүн көптүгү жагынан дүйнөдө биринчи орунда турат. Бул өлкөнүн 2 миллион 183 миң жоокери бар.
Ошондой эле суу астындагы согуштук кемелердин саны боюнча да дүйнөдө лидер болуп саналат.
Мындан тышкары куралдуу күчтөрдү чыңдоого эң көп каражат сарптаган АКШдан кийинки экинчи өлкө болуп эсептелет.
4. Индия
Аскерлердин саны - 1 миллион 444 миң
Согуштук танкттар - 4 миң 730
Аба техникалары - 2 миң 119
Авианосецтердин саны - 1
Суу астындагы согуштук кеме - 17
Өзөктүк куралдар - 150
Армиянын бюджети - 73 миллиард 650 миллион доллар
Индия өлкөсү жоокерлеринин көптүгү боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки орунда турат. Ошондой эле армияга короткон акчасы боюнча 3-өлкө болуп саналат.
5. Япония
Аскерлердин саны - 247 миң 160
Согуштук танкттар - 1 миң 4
Аба техникалары - 1 миң 480
Авианосецтердин саны - 2
Суу астындагы согуштук кеме - 20
Өзөктүк куралдар - - -
Армиянын бюджети - 51 миллиард 700 миллион доллар
6. Түндүк Корея
Аскерлердин саны - 580 миң
Согуштук танкттар - 2 миң 600
Аба техникалары - 1 миң 581
Авианосецтердин саны - 0
Суу астындагы согуштук кеме - 22
Өзөктүк куралдар - - -
Армиянын бюджети - 48 миллиард доллар
7. Франция
Аскерлердин саны - 268 миң
Согуштук танкттар - 406
Аба техникалары - 1 миң 057
Авианосецтердин саны - 1
Суу астындагы согуштук кеме - 10
Өзөктүк куралдар - 290
Армиянын бюджети - 47 миллиард 700 миллион доллар
8. Улуу Британия
Аскерлердин саны - 192 миң 660
Согуштук танкттар - 109
Аба техникалары - 738
Авианосецтердин саны - 2
Суу астындагы согуштук кеме - 11
Өзөктүк куралдар - 120
Армиянын бюджети - 56 миллиард 42 миллион доллар
9. Бразилия
Аскерлердин саны - 334 миң
Согуштук танкттар - 439
Аба техникалары - 676
Авианосецтердин саны - 0
Суу астындагы согуштук кеме - 6
Өзөктүк куралдар - - -
Армиянын бюджети - 29 миллиард 300 миллион доллар
10. Пакистан
Аскерлердин саны - 664 миң
Согуштук танкттар - 2 миң 680
Аба техникалары - 1 миң 364
Авианосецтердин саны - 0
Суу астындагы согуштук кеме - 9
Өзөктүк куралдар - 120
Армиянын бюджети - 12 миллиард 275 миллион доллар.
Ошондой эле бул тизмени Түркия, Италия, Египет, Иран, Германия сыяктуу өлкөлөр улантат.
Ал эми Кыргыз өлкөсү Global Firepower веб-сайтынын рейтингинде 138 өлкөнүн ичинен 93-катардан орун алган.
Орто Азия өлкөлөрүнүн арасынан эң алдыда Өзбекстан 51-орунда, Казакстан 62, Түркменстан 86, Кыргыз өлкөсү 93, ал эми Тажикстан 99-орунда жайгашкан.
Акыркы күндөрү "Талибан" кыймылы менен куралдуу кагылыштарды жүргүзүп жаткан Ооганстандын армиясы 75-орунда турат.