
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылында мугалимдер ашар жолу менен жаңы мектептин имаратына пайдубал куюшту. Бул тууралуу видео интернет желесине тарап, кызуу талкууга алынды.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Бек-Абад айылындагы Атабеков атындагы №88 орто мектепке балдар батпай калган. Мындан улам агай, эжейлер ашар жолу менен каникул учурунда мектептин имаратын тургузууга пайдубал куюшту.
Бул видео интернет колдонуучулардын бийликке болгон нааразычылыгын жаратып, агартуучуларга рахмат айткандар көп болууда.
Азырынча Билим берүү жана илим министрлиги бул боюнча расмий жооп бере элек.