Өлкөдө январь-июль айларында 41 миң 17 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу социалдык камсыздоо фондунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, июль айында 4 миң 619 жаран пенсияга чыкты.
"Андан тышкары эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 839 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди", - деп жазылат Соцфонддун маалыматында.
Белгилей кетсек, өлкөдө ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын өлчөмү жогорулайт.