22-августка карата Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда мамлекеттик чек арага жакын тажик тарап уруксатсыз жер казуу маселеси боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Бүгүн саат 11:15 чамасында Головной суу алуучу аймакта тажик тарап бир күн мурда, тагыраагы 21-августта Ак-Суу дарыясынын батыш тарабында казылган траншеяларга цемент куюу үчүн жабдыктарды орнотуу иштерин уланта баштаган.
Тажик тарап чек ара тилкесине жакын жердеги курулуш иштерин токтотуу боюнча мурда жетишилген макулдашууларды бузган биринчи факты эмес.
Учурда кыргыз-тажик тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалга көзөмөл кылууда", - деп билдиришти атайын кызматтан.
Буга чейин 17:30да тажик тарап жолдун катмарын оңдоо жана траншея казуу боюнча иштерди токтоткону кабарланган.