Бүгүн спортчу Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп чыкканына 2 күн болду

Кыргызстандык спортчу Владислав Шулико Ысык-Көлдү экинчи күн сүзүп өтүүдө. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары маалымдашты.

"Бүгүн дүйнөлүк деңгээлдеги сүзүүнүн экинчи күнү. Биз чогуу окуянын жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүп жатабыз. Жаш спортчу өзүнүн кыялын ишке ашыруу үчүн ишенимдүү кадам таштады. Тарыхта биринчи жолу рекорд коюлат. Владислав Шулико Каракол шаарынан Балыкчы шаарына чейин 181 чакырымы сүзүп өтүүдө. Баса, аба ырайы жагымдуу жана биздин сүзүүчүбүздү жана командабызды ачык жана достук менен колдоп жаткандай. Бул күн ар бирибиз үчүн жакшы жана позитивдүү кабарлардын күнүнө айлансын", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 22-августтан 27-августка чейин «Issyk-Kul Swim 181» долбоордун алкагында Владислав Шулико Ысык-Көлдө Каракол шаарынан Балыкчы шаарына чейинки 181 чакырым аралыкты сүзүп өтөт. Анын коопсуздугу үчүн коштоп жүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан беш суучул - куткаруучу, эки моторлуу кайык тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан