Бүгүн, 22-августта Караколдон Балыкчы шаарына чейинки 181 чакырым аралыкты сүзүп өтүүчү спортчу Владислав Шуликону коштоп жүрүүгө 5 суучул куткаруучу, эки моторлуу кайык тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ӨКМнын куткаруучулары эртең менен саат 07:38де тартылган.
Иш-чара 22-августтан 27-августка чейин "Issyk-Kul Swim 181" долбоордун алкагында өтөт.
Буга чейин Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан 180 чакырым аралыкка сүзүп, дүйнөлүк рекорд жаратууну көздөп жатканын айткан.