«Апрельское» кенинин айланасында ЖМКлардагы ар түрдүү макалаларга байланыштуу биз «Апрельское AZI» тоо-кен иштетүүчү компаниянын башкы директору Сергей Юрченкого бир катар суроо менен кайрылдык.
- Акыркы күндөрү көпчүлүк ЖМКларда «Апрельское» кениндеги чыр-чатактар жөнүндө маалыматтар чыгууда. Бир топ адамдар Ош-Баткен-Исфана стратегиялык жолду бууп салышты. Бул чатактын маңызы эмнеде, түпкү себептерин айтсаңыз?
- Биздин көйгөйлөрүбүздүн баары 2012-жылдын ноябрь айында геологиялык чалгындоо лагерибиз талкалангандан кийин башталды.
Бардыгын укуктук талаада жүргүзүш керек, бизде зарыл болгон бардык уруксат берүүчү документтер бар — Мамэкотехинспекция, Мамгеологиядан баштап жана башка тиешелүү мамлекеттик структуралардан. Адамдардын бул тобу бизге карата нааразычылык билдирип жаткандан кийин алар жок дегенде Мамэкотехинспекцияга кайрылып, бизге же мамлекеттик бийлик органдарына ушундай компания ушундай бузууларды жасап жатат деп кандайдыр бир документ көрсөтүшпөйбү. Мындай документ жок. Ушундай бир жергиликтүү "эколог" отуруп алып элди козутуп жатат. Анын бул тууралуу сүйлөшүү үчүн тиешелүү билими барбы?
- Сиздерди мамлекет кантип коргоп жатат?
- 2012-жылдан бери мамлекет бизге жакшы жардам берген жок. Президент Садыр Жапаровдун алгачкы жарлыктарынын бири инвесторлорду коргоо жөнүндө жарлыгынын алкагында бир нерсе ордунан жылып, бизге акыры көңүл бурулат деп үмүттөнөм.
- Силердин компания качантан бери иштейт?
— Биздин «Апрельское AZI» ЖЧКсы компаниясы лицензияны 2003-жылы алган. "Апрельское" кени 1968-жылы капыстан ачылган, геологиялык партия коргошун издеп жүрүп, алтын таап алган. Тастыкталган запастар жок эле прогноздук ресурстар аз болуп калган - болгону 1,2 тонна. Мамлекетке бул кызыксыз сезилип, таштап салышкан. Биз лицензияны жалпы негиздерде алдык. Азыр биз ошондо абдан чоң тобокелдикке барганыбызды түшүнүп турабыз, бир дагы акыл-эстүү компания мындай прогноздук тобокелдикке барбайт. Ошентсе да 2003-2007-жылдары биз жумуштардын чоң көлөмүн жасадык. 2 штольня, көлөмү 4000 погон м. болгон 30дан ашуун скважина бургаладык. Ал кезде 3 миллион долларга жакын акча каражаты сарпталган.
Натыйжада, 2007-жылы биз 3 тонна алтын геологиялык запастарын мамлекеттин балансына киргиздик. Компаниянын иши КР Запастар мамлекеттик комиссиянын жогорку баасын алган. Ал кезде бир да Кыргызстандагы компанияга мындай баа коюлган эмес. Ошол эле маалда комиссия бизге рудалардын байылтылышы боюнча кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды. Муну менен Кыргызстандан тыш жакта да, бул жерден да алектендик. Натыйжада, биз материалдарды даярдап, 2010-жылы кайрадан объектиге чыгалы дегенде, Ош окуялары болуп кетти, андан кийин геологиялык чалгындоого жана лицензияларды узартууга мораторий болду.
2011-жылы бизге карата абдан чоң кысым жасалып, лицензияны тартып алалы дешкен. А бирок биз керектүү нерседен ашыкча жасаган Кыргызстандагы жалгыз компания болсок керек. 2004-2006-жылдары биз Кумтөр жана Кыргызалтын менен катар жалгыз иштегендерден болдук, калгандары иштебей турган. Алтындын баасы анда унциясына 300 доллар турган. Лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткарганыбызда деле буга чейинки бийлик лицензиябызды тартып алууга аракет кылды. Ошол кездеги жаратылыш ресурстарынын министри Эсенаманов бизге лицензияны болгону бир айга узартып койгон, ал эми мыйзам боюнча лицензия эң аз дегенде 2 жылга узартылат. Биз бир айга жазылган лицензиялык макулдашууну ишке ашырып, мөөнөтү аяктаган күнү мамкомиссия келип текшерип, аткаруу фактысын каттаган. Биз лицензияны сактап калдык.
Геологдордун лагерин өрттөп салышкандан кийин гана бийлик кыймылдап, жергиликтүү калк менен маселелерди жөнгө салууга аракет кыла баштады. 2020-жылдан бери биз Кыргыз-Россия-швейцариялык компания болдук, ага чейин 2006-жылдан бери Кыргыз-Россия компаниясы элек. Геологдордун лагерин өрттөп салышкандан кийин компанияга Россия мамлекети болушкан. РФ президенти Кыргызстандагы россиялык инвесторлор менен болгон мындай абал боюнча таң калуусун билдирген. Айта кетсем, биз соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын макулдашууларынын алкагында ишмердүүлүк жүргүзгөн Газпром жана башкалар менен катар жалгыз жеке компания элек. Россиялык инвесторлор бул жакка кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу менен келип, акча салып, иштей баштады. Бирок андан кийин бийлик алмашуу ызы-чуулары башталды да, жогоруда айтылган окуялар болуп кетти. Ошондо инвестор алданып калган болуп жатпайбы.
Биз ал жерде иштеген мезгил бою жергиликтүү калкка жардам бергенибизди белгилеп кетейин. Согуш ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерине каржылык жактан колдоо көрсөтүп, мектептерди ремонттоо, компьютерлерди, китептерди, парталарды сатып алууга жардам бергенбиз. Ошондой эле 2011-жылы Баткендеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам бергенбиз. Катраң айыл аймагы боюнча 5 көпүрө курганбыз, муну көбү билбейт.
Бул жылы да кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатактан кийин Ак-Сай, Ак-Татыр жана Кулунду айыл аймактарына жардам катары 250 миң сомдон жардам катары которулуп берилди, ошондой эле бул чатакта жолдошу Ж.Аманов каза болуп калган Бужум айылынын тургуну, 5 балалуу Сабира Алиевага жардам берилди. Ага 500 миң сом бөлүнүп берилген.
- Мындан ары да жергиликтүү калкка жардам берүү ниетиндесиздерби?
- Сиздер жергиликтүү калк менен жолугуштуңарбы? Түшүндүрүү иштерин жүргүздүңөр беле?
- 2012-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 15тей иш-чаралар өткөрүлгөн (коомдук угуулар жана конференциялар). Аларга ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери катышкан. Ошол мезгилде объектиге Мамгеологиянын жетекчи орун басары У.Рыскулов, А.Сапаралиев чыгышкан. КР Өкмөтү өкмөт үйүндө, Ысык-Көлдө Катраң айыл аймагынын жашоочулары менен көптөгөн жолугушууларды өткөргөн. Биз Катраң айыл аймагынын 30 жашоочусун Бозумчак кенине компаниянын жергиликтүү тургундар менен болгон социалдык-экономикалык кызматташтыгы менен таанышып, алар менен жолугуштуруу үчүн барып келүүсүн уюштурдук.
Катраң айыл аймагынын жашоочулары биргелешкен аракетке даярдык билдиришкен. А бирок объектиге келерибиз менен Бөрүбаев пайда боло калат да, баары сөз сүйлөгөндөн коркушат. Катраң аймагынын жашоочуларынын көбүнчөсү иштешкиси келет, бирок бул группировка аларды коркутуп алган.
Өткөн жылы биз Катраң, Баул айылдарында 2 жолугушуу, бул жылы Катраң айыл аймагында 2 жолугушуу өткөрдүк (Өзгөрүш айылы), бирок бул жолугушуулар эч кандай натыйжа берген жок. Баул айылында биз элдин колдоосуна ээ боло баштадык, алар түшүнө баштады. Облустук экотехинспекциянын башчысы жергиликтүү жашоочуларга дарыяга эч кандай зыян келтирилбегенин, дарыяга чейин 8 чакырым аралык бар экенин түшүндүрүп берди. Бирок андан кийин Бөрүбаев пайда боло калды да, 70 пайыз үлүш талап кылды. Менде ушул жерде суроо туулат, жергиликтүү калкка 70 пайыз үлүш берилсе эле, экологиялык маселе чечилип калабы? Ошондо ал өзү суроосуна жооп берип койду да: маселе экологияда эмес, акчада болуп жатпайбы. Бул жасалма экологдор жөн гана компанияны сааганы атышат.
Мындан тышкары, чогулуштарда компанияга кенде иштөөгө жол бербейбиз деп көп жолу айтылган. Биздин балдар мектепти бүтүрүп, институтта окуп, кенди иштетет деп. Кайра эле маселе экологияда эмес, кенди бизден тартып алууну көздөп жатканы айдан ачык болууда.
Айта кетсем, Бөрүбаев менен тар чөйрөдө жолугушууда сөз акча жана компаниядагы үлүш жөнүндө гана болот. Бирок жергиликтүү тургундар менен болгон чогулуштарда ал экология жана дарыянын булганышы жөнүндө гана сүйлөйт.
Кен Катраң айыл аймагында болсо эле аларга гана тиешелүү дегенди билдирбейт да. Муну түшүнүү керек. Ал Кыргызстандын бүт элине таандык. Алардын логикасы боюнча анда Кумтөр барскоондуктарга гана, ал эми Жер-Үй таластыктарга гана таандыкбы? Бул биздин мамлекеттүүлүктүн өзөгүн талкалап, өлкөнүн бөлүнүшүнө алып келип жатпайбы?
— Жергиликтүү бийлик бул абалды жөнгө салууда жардам берүүдөн баш тарттыбы?
— Бул жылы биз «Апрельское» кенинде жумушту кайра баштоону аракет кылдык. Бир айдын ичинде ишке киришебиз деп жергиликтүү бийлик органдарына кат жаздык. Лицензиялык макулдашуунун шарттарына ылайык, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнү баштайлы дедик. Мыйзам боюнча, жергиликтүү бийлик бизге макул болбой коё албайт. Алар кендеги иштин жүрүшүнө бардык жагынан көмөктөшүп, жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.
Чынында, бардыгы тескерисинче болду. Жергиликтүү бийлик органдары жергиликтүү кеңештин депутаттарынын колун чогултуп, бизге ишти баштаганга каршы болушту. Катран айыл кеңешинин башчысы Бөрүбаев жергиликтүү калкты бизге каршы үгүттөп жатат. Мындай аракеттер КР Кылмыш кодексинин беренесине ылайык келет. Мен жергиликтүү бийликтин чиновниктерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн укук коргоо органдарына арыз жазууга аргасыз болдум. Башкача кандай күрөшөбүз булар менен?
Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кен байлыктар жөнүндө мыйзамдын бузулушу, бул айдын башында компаниябыздын кызматкерлеринин сабалышынан тышкары президенттин бардык буйруктары бузулуп жатат. Биз, инвестор катары, азырынча укуктарыбыздын корголушун көрбөй жатабыз. Биздин компания ушул гана объект менен алектенет. Биз таза иштейбиз. Биздин бухгалтерия таптаза жана ачык. Биз салыктарды төлөйбүз, Катран айыл аймагына гана 30 млн сом төлөгөн элек, аларды Катран айыл кеңешинин төрагасы Бөрүбаев короттурбай кармап отурат. Бул акчалар 2013-жылдан бери ошол жакта жатат. Айыл толугу менен талкаланган, бул убакта эмнени гана жасаса болот эле? Бөрүбаевдин бул аракеттерин зыянкечтик деп эле атаса болот.
— Сапарали Бөрүбаевдин айыптоолоруна байланыштуу Мамтехинспекция силерди текшерди беле?
— 2012-жылы лагерди өрттөп салышканда Мамтехинспекция өкүлдөрү келишип, кайра бизди күнөөлөп коюшкан. Бирок аларды кимдир бирөө башкарып, тапшырма берген болчу. Алар объектидеги 2003-жылдан берки жумуштарды текшерип чыгышты, ал эми 2012-жылды гана текшериши керек эле. Биз 2007-жылы объектиден бир да маселесиз чыгып кеткенбиз, бизге претензия жок болчу.
Инспекциянын мындай иш-аракеттерине биз Башпрокуратурага кайрылып, ал Мамтехинспекциянын аракеттеринин мыйзамсыздыгы жана күнөөлүү чиновниктерди жазага тартуу чечимин чыгарган.
2012-2020-жылдары бир да жолу Мамтехинспекция текшерген эмес, бирок биз да иштеген эмеспиз. Кен уурдоо фактысы боюнча биз буга бөгөт коюу өтүнүчү менен бир канча жолу Башпрокуратурага, УКМКга, милицияга жазганбыз. Бул болсо биздин көйгөй эмес эле. Кен байлыктардын ээси биз эмес, мамлекет да. Кенди уурдоо жергиликтүү бийлик органдарын ойлонтуп, алар прокуратурага ууруларды табуу өтүнүчү менен кайрылышы керек эле. Алар жок дегенде бир жолу кайрылыштыбы? Жок.
— Жумушту ошол бойдон баштабай калдыңарбы?
— 2021-жылдын майынан августка чейин биз үч жолу бульдозерди алып келүүгө аракет кылдык. Эки жолу жергиликтүү «активисттер» бульдозерди артка кайтарышты. Үчүнчү жолу Баткенде чоң чогулуш өткөрүлгөн. Биз облустун администрациясынын колдоосуна ээ болдук. Бизди милиция коштоп, тоскоолсуз объектке өтө алдык. Бульдозер жолду тазалай баштады. Андан соң мастар аралаш адамдар тобу пайда болуп, геологдорубуздун ишине тоскоол кылышты. Милиция менен кагылышуу башталып, таштарды ыргыта башташты. Эмнегедир ЖМКларда булар айтылбады. Түнкү 1де топ адамдар биздин кызматкерлерди сабай башташты. Натыйжада, бүт техниканы түшүрүп, компаниянын унаасы талкаланды.
Эң жаманы, биздин адамдарды жылаңайлак бойдон тоодон бери 5 чакырым бастырышып, улам сабап айдап түшүрүшкөн. Мындай мыкаачылыкка кантип барышты? Угушумча, мындайды Афганистандагы моджахеддер эле кылышчу. 4 адам ооруканага баш сөөгү, көз жагы, мурдулары сынып, оор абалда түшүштү. Уруп-сабоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бир нече адам кармалды. Бирок эртеси күнү алардын туугандары камактан чыгаруу талабы менен жолду бууп салышты. Муну кандай түшүнсө болот? Сабап, өлтүрө берсе болот экен да, анан жолду тосушабы? Биз эми укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгын күтүп жатабыз.
- Мындан аркы аракеттериңер кандай болот?
Биз жакында шайланган президент Садыр Жапаровдон үмүттөнүп турабыз. Анын иши туура башталганын көрүп жатабыз, кадамдары туура. Бул анын «Жеке менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жана «Ишкерлик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыктары, КР Президентинин алдында Антикоррупциялык ишкерлик кеңешти түзүү жана КР өкмөтү тарабынан мамлекеттик кепилдиктер каралган Баткен облусуна өзгөчө салыктык тартип жана өзгөчө инвестициялык тартип киргизүү менен өзгөчө статус берүү. Ошондой эле Башкы прокуратурага ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо боюнча укуктарды берүү.
Мунун баары бизге ишти баштап, Кыргызстан элине пайда келтире баштаарыбызга олуттуу үмүт берип турат. Биздин компанияда гана эмес да маселе, бул көйгөйгө башка дагы потенциалдуу инвесторлор карап турушат. Анын чечилишине жараша алардын иш-аракеттери жана биздин республиканын экономикасынын өнүгүүсү көз каранды.