20-августта Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу изоляторуна атайын кароо иши менен Кыйноолордун алуу боюнча улуттук борбордун Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери барышты. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.
Ага ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган өкүлдөр кармалгандардын кармоо шартында мыйзам бузуулардын бар экендигин аныкташты.
"Эксперттердин маалыматы боюнча изолятордогу камерада төрт адам отурат. Мыйзам боюнча, ар бир адамга таандык санитардык аянттын өлчөмү 3,25 чарчы метр болушу керек, бирок иш жүзүндө бир адамга 2,30 чарчы метр гана бөлүнгөн.
Мындан тышкары, “камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамдын 9-беренесине ылайык, жашы жете электерди камакта кармоо мөөнөтү 10 күндөн ашпоого тийиш болгонуна карабай, өспүрүм К. уулу Н. камерада 25 күндөн бери отурат", - деп билдиришти Кыйноолордун алдын алуу борборунан.
Мындан сырткары, убактылуу кармоочу жайлардын санитардык абалы да талаптарга жооп бербей турганы аныкталган.
"Мекеме кир. Эрежелерге ылайык, дубалдын бети жылмакай болушу керек деген талапка карабай, “шуба кийгизилип” шыбалган. Бөлмөлөрдө дезинфекциялык чаралар ушул жылдын 16-июнунан бери жүргүзүлгөн эмес. Мыйзам бузуу фактылары боюнча кызматкерлер акт түзүштү, эми ал тиешелүү органдарга жөнөтүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.
Окуяныны чоо-жайы:
Эске салсак, Өзгөндүн Кароол айыл аймагынын Досмат айылында 18 жаштагы бала белгисиз ок атуучу куралдан каза болгону кабарланган. 18-июнь күнү саат 15:40 чамасында райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Куршаб аймактык ооруканадан кишинин сөөгү жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты жазык кодексинин 130-беренеси "киши өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, маркумдун денесине кароо жүргүзгөндө жаракаты бар экени аныкталган. Кылмышка шектүү катары Шералы айылынын 17 жаштагы К. уулу Н. аттуу тургуну кармалган.
Досмат-Ата конуш жайытында 17 жаштагы К. уулу Н. өз ара пикир келишпестиктен 18 жаштагы Ж. уулу А.ны сайсыз 16-калибирлүү ок атуучу куралы менен денесинин сол тарап көкүрөк бөлүгүнө атып жиберген. Алган жаракатынан улам окуя болгон жерде Ж уулу А. каза болгон жана аны Куршаб аймактык ооруканасына ошол жердин жашоочусу алып келген.