Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарындагы Тарых музейинде “Гүлдөр калейдоскобу” аталышындагы гүлдөр көргөзмөсү ачылды. Аталган көргөзмөгө Германия, Украина, Орусия, Франция жана Америкадан алынып келинген каланхое, каландива-париж, цикламен, стрептокарпус сыяктуу 1000ден ашык гүлдүн түрү коюлган. Аталган иш-чараны Бишкектин тургуну Анна Печереева уюштурган. Көргөзмөнүн максаты - шаар тургундарына жакшы маанай тартуулоо жана гүл өстүрүүчүлөр менен тажрыйба алмашуу. Көргөзмө 3-ноябрга чейин уланат жана ага 11ден ашуун коллекциячы катышууда.