Биз социалдык тармакта

Баткенде 2016-жылы Бишкекке жумуш издеп кеткен Эргешали Имаралиев изделүүдө

Баткендин Кадамжай районунда 1968-жылы туулган Эргешали Имаралиев изделет. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2016-жылдын октябрь айында Кадамжай районунун Тамаша айылынан Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кетип, 2017-жылдан бери дайыны жок.

Бул факты боюнча Кадамжай РИИБинин милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилери: Бою 165-170 сантиметр кашы көзү кара түстө, ак жүздүү, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.

Милиция кызматкерлери эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кишини таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылып коюуну өтүнөт.

Байланыш үчүн номерлер (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан