Буга чейин Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө катталган үрөй учурган жол кырсыгынан Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын 6 тургуну каза болгону кабарланган. Алардын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Гүлбайра Сманова билдирди.
Алар:
Жүргүнчү А.Т. 1951-жылы;
Айдоочу К.С. 1983-жыл;
Жүргүнчү К.Н. 1968-жыл;
Жүргүнчү Ф.А. 2020-жыл (К.Н.нын небереси);
Жүргүнчү Д.Т. 1950-жыл;
Жүргүнчү К.Б. 1978-жыл;
Баары Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургундары.
Дагы бир жүргүнчү Т.М. Токтогул районундагы Үч-Терек айылынын тургуну.
"Каза болгон тургундардын үйлөрүн кыдырып, көңүл айтып келдик. Алардын ичинен аз камсыз болгон үч үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү", - деп билдирди Сманова.