Военно-Антоновкадагы балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмү: Акыйкатчы Башкы прокуратурага кайрылды

Акыйкатчы Токон Мамытов Башкы прокуратурага Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарына карата териштирүү баштоону айтып кайрылды.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, буга Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмүн териштирүү учурундагы жагдай себеп болду. Акыйкатчы Билим берүү министрлигине бул жагдай тууралуу 25-июнда эле кат жөнөткөнүн, бирок бүгүнкү күнгө чейин жооп болбой жатканын билдирди.

"24-июнда балдар үйүнүн директорунун орун басары Галина Андрусова акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиевага мекеменин аймагына кирүүгө тоскоолдук жараткан. Ал эшикти ичинен кулпулап алып, билим берүү министринин эч кимди киргизбөө тууралуу талабы бар экенин айткан. Мыйзам боюнча акыйкатчы же анын орун басарлары кайсы гана мамлекеттик орган болбосун ичине кирип маалымат алып, документтерди изилдөөгө укугу бар", - деп билдиришти мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.

Маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин Акыйкатчы институту интернаттын директорун иштен четтетүүнү талап кылган. Ошондой эле мекемеден каза болгон өспүрүмдү АКШнын жарандары асырап алууга ниеттенип жүргөнүн, алар окуя болгонго чейин 4 жолу жолукканын кабарлашкан.

Окуянын бардык жагдайларын кылдат, объективдүү иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Чүй ОИИББи каза болгон өспүрүмдүн денесинде зомбулуктун белгилери болбогонун маалымдаган. Бирок кийин 30-июнда дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бала сабалганы тастыкталган.

17-июнда билим берүү жана илим министринин орун басарына сөгүш берилген. Каза болгон өспүрүмдүн өлүмү боюнча хронология менен ссылка аркылуу кирип тааныша аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан