Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги "Үмүт булагы" коомдук фонду менен биргеликте мекендешибиз Аруузатка "Золгенсма" препаратын сатып алуу үчүн жетишпеген сумманы чогултууга жардам берүү үчүн "Эгемен Кыргызстан - Аруузат үчүн" аттуу кайрымдуулук концертин өткөрүүдө.
Онлайн концерттин трансляциясы 31-августта элчиликтин Youtube каналында саат 18:00дө (Москва убактысы боюнча) башталат.
Ар бир кайдыгер карабаган Кыргыз Республикасынын жараны көңүлүнөн чыккан сумманы Аруузаттын апасынын эсебине которсо болот.
Реквизиттер: +7 916 552 31 25, Сбербанк - 4279 3806 7744 0945, Жылдыз Ташматова.
Онлайн концертке Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев, төкмө акын Азамат Болгонбаев, ырчы Аскат Мусабеков, рэп ырчысы Бегиш жана башкалар катышат.