Мурдагы премьер-министр Темир Сариев камакта калтырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, сот аталган саясатчынын жактоочусунун даттануу арызын канааттандырган жок, натыйжада буга чейин чыккан чечим өзгөрүүсүз калтырылган.
Темир Сариев 3-августта "Кумтөр" иши боюнча УКМК тарабынан кармалган. Ал УКМКнын СИЗОсунда 30-сентябрга чейин камакта калтырылган.
Атайын кызмат Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турганда Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.