Бүгүн, 25-августта Владислав Шулико Ысык-Көлдө сүзүүнү улантууда. Ал 92 чакырымды сүзүп өттү. Бул тууралуу спортчуну коштоп жүргөн уюштуруучу топтон маалымдашты.
"Бүгүн 4-күн. Эртең мененки саат 08:20да Владислав сүзүүнү улантты. Кечээ аба ырайы туруксуз жана катуу толкун болгондуктан сүзүүнү Бактуу-Долоноту айылынан токтотконбуз. Бүгүн аба ырайы жакшы. Суучулдун абалы жакшы. Ал өз күчүнө ишенип жатат", - деп билдиришти уюштуруучу топтон.
Эскерте кетсек, 22-августтан 27-августка чейин «Issyk-Kul Swim 181» долбоорунун алкагында Владислав Шулико Ысык-Көлдө Каракол шаарынан Балыкчы шаарына чейинки 181 чакырым аралыкты сүзүп өтөт. Анын коопсуздугу үчүн коштоп жүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан беш суучул - куткаруучу, эки моторлуу кайык тартылган.