Балыкчыда дайынсыз болуп изделип жаткан 18 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 18 жаштагы Азим Садырбеков аттуу жигит дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган. Анын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

"Азыр туугандары Бишкек шаарынан келип, өлүкканага кетишти. Жансыз денени ата-энеси расмий түрдө тааный элек. Тааныганда толук маалымат беребиз", - дешти милициядан.

Белгилей кетсек, Садырбеков 13-август күнү болжол менен саат 11:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан