
Москвада 2 жыл аралыгында Кыргыз жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын жана укук бузуулардын саны кыйла көбөйдү. Бул туурасында Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаарындагы ыкчам иштеринин өкүлү билдиргенин Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинен кабарлайт.
Маалым болгондой, 24-августта Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва шаары боюнча ыкчам иштеринин өкүлү менен жолугушту.
"Москва полициясынын жетекчилиги 2019-жылдан бери Кыргыз жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын жана укук бузуулардын саны кыйла көбөйгөндүгүн билдирди.
2021-жылдын 7 айында эле Москвада кыргыз мигранттарынын катышуусу менен 916 кылмыш (негизинен адамга каршы) катталган. Мыйзамсыз аракеттердин көбүн Кыргыз жарандары өз мекендештерине карата жасашкан", - дешти элчиликтен.