24-августта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата «Новый Соцреализм 2» көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Көргөзмөдө өлкөнүн тарыхы, анын ичинде Баткен окуяларынан "Токио-2020" жайкы Олимпиадасына чейинки эскиздер камтылган.
Ошондой эле аза кийимин кийген Кыргыз өлкөсүнүн алты ажосунун сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда.
Долбоор TOLOM MUSEUM жана BILIMKANA коомдук фонду тарабынан уюштурулган.
Белгилей кетсек, көргөзмө 7-сентябрга чейин уланат.