Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын мэри болуп шайланган Алмаз Мамбетовдун өмүр таржымалы

Бүгүн, 26-августта Ош шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов шайланды.

Ал 1976-жылдын 15-мартында Фрунзе шаарында туулган. Ал 1999-жылы Кыргызстан эл аралык университетин дипломатия жана эл аралык мамилелер адистиги боюнча аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын Мамлекеттик саясат жана башкаруу мектебин бүтүргөн.

2000-2002-жылдары Тышкы иштер министрлигинде катчы-референт;

2002-2003-жылдары Туризм менен спорт боюнча мамлекеттик комитетте байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси;

2004-2007-жылдары Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматынын катчысы;

2008-2010-жылдары "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын иш башкармалыгында алгач адис, кийинчерээк башкы адис;

2011-жылы Бишкек мэриясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу;

2011-2014-жылдары "Транс-Кыргызгаз Паплайн" компаниясынын филиалында PR-адиси;

2014-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри;

2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

2020-2021-жылдары президенттин иш башкармалыгынын башчысы;

2021-жылдын 2-августунан бери Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2021-08-26 11:43:16
Эмне болсо да Ошту онуктуруп ишти кыл да жудобой@
+6
Asmat84
2021-08-26 16:08:51
Жергиликтүү элден чыкпадыбы
0
Mirnar
2021-08-26 17:03:50
Оштуда каша вареньесин чыгармай болдуда президент, эски мэрибиз эле жакшы иштеп аткан.
0
akmanai
2021-08-27 10:10:01
Мен эч тушуно албадым жакшы иштеп жаткан Сарбашевди эмне себеп менен алды?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан