Биз социалдык тармакта

Эки саат күттүрүп. Токмок шаарынын мэрин шайлоого көпчүлүк коалиция кечигип келди

Бүгүн, 26-августта Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери шайланышты. Анда эки шаарга тең бирден гана талапкерлер коюлган, Бишкек шаарына Айбек Жунушалиев, Ош шаарына Алмаз Мамбетов мэр болду. Ошондой эле бүгүн Токмок шаарына да мэр шайланат. Шайлоо саат 09:00дөн 12:00гө чейин өтмөк.

Бирок Токмок шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициянын депутаттары жыйындар залына кечигип келишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Токмок аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын мэрлигине Урматбек Самаев жана Азат Кубатбек уулу талапкерлигин коюшкан. Урматбек Самаевге байланышканыбызда шаардык кеңештин депутаттарынын кечигип жатканынын себебин билбей турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан