
Рекорд жаратам деген суучул Владислав Шулико 150 чакырымды сүзүп өткөндүгүн аны коштоп жүрүүчүлөр маалымдашты.
"Бүгүн, 26-августта саат 11:30да Владислав 150 чакырымды багындырды. Демек, финишке аз калды. Биздин божомол боюнча суучул эртең түштө марага жетет. Бул көп факторлордон көз каранды. Учурда Кош-Көлдө сүзүп бара жатабыз", - дешти спортчуну коштоп жүрүүчүлөр.
Эскерте кетсек, 22-августтан 27-августка чейин "Issyk-Kul Swim 1812 долбоорунун алкагында Владислав Шулико Ысык-Көлдө Каракол шаарынан Балыкчы шаарына чейинки 181 чакырым аралыкты сүзүп өтөт. Анын коопсуздугу үчүн коштоп жүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан беш суучул - куткаруучу, эки моторлуу кайык тартылган.