Кочкор районунан чыккан "Шайыр апалар" тобу Түркияда өтүп жаткан эл аралык фестивалга катышып жатышат

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айылынан чыккан "Шайыр апалар" тобу Түркияда өтүп жаткан эл аралык фестивалга катышып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына топтун жетекчиси Элмира Ниязалиева билдирди.

Маалыматка ылайык, "Шайыр апалар" тобу 23-августта Түркиянын Стамбул шаарына учуп кетишкен.

"25-августта Түркиянын Афьон-Карахисар шаарында фестиваль башталган. Биздин топ 3 кыргызча, 2 түркчө ыр аткарабыз. Ошондой эле "Жети дубан" аттуу бийибизди бийлейбиз. Фестиваль 25-августта башталып 30-августта жыйынтыкталат", - деп билдирди Ниязалиева.

Аталган топ бир канча гала-концерттерге катышып жеңүүчү аталып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан