ЭЛДИК ВИДЕО: Дубайда бир нече улуттардын өкүлдөрү кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бириккен Араб Эмираттарынан Алишер Турдалиев аттуу мекендешибиз кайрылды. Анда ал кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, видео жөнөттү.

"Мекенди алып кете албайсың, кусалыкты гана алып кете аласың, эгерде мекенди өзүң менен мүшөктөй сүйрөп кете алсаң, анда баасы бир тыйын болмок" деп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткан экен.

Жалпы мекендештеримди жана бөтөн өлкөдө мусапыр болуп, Кудайым берген ырыскысын топтоп, өнөр үйрөнүп , билим алып, келечекте өлкөсүнө салым кошом деп жүргөн замандаштарымды чын жүрөктөн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! Бардык кубанычыбызды, өлкөбүзгө болгон кусалыгыбызды жана куттуктоолорубузду билдирүү үчүн түркүн улуттардын жарандарынын жардамы менен колдон келишинче видео даярдадык.

Жакшылыкта жолугушалы", - деди Турдалиев.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Бир нече улуттун жарандары кыргыз элин Эгемендүулүк күнү менен куттуктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aitiev1210
2021-08-27 09:30:09
Азамат!!!
+3
akmanai
2021-08-27 09:48:31
Соонун го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан