Көптөгөн кайрылуулардын негизинде. Ак-Босого конушунда кичи футбол аянтчасы курулууда

Бишкектин Ак-Босого конушунда кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, Биринчи Май районунун акими Максат Нусувалиев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

"Шаардыктардын көптөгөн кайрылуулары боюнча, Бишкек шаардык кеңеште футбол аянтчасын куруу маселеси каралып, курулушка шаардык бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Эске салсак, кичи футбол аянтчасынын курулушу ушул жылдын апрель айында башталып, учурда аяктоо алдында турат", - деп айтылат маалыматта.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан