Социалдык тармактарда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашковдун жеке клиникалардын биринде сейилдеп жүргөн видеосу тарады.
Видеону Санжар Калматай аттуу колдонуучу жарыялаган. Анда Дашковдун отургучта отурганын көрүүгө болот. Ал эми СИЗОнун кызматкерлери эмне себептен соттолгон адам колунда кишени жок эркин сейилдеп жүрөт деген суроого жооп бере алышкан эмес.
Эске салсак, Дашков ден соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан менчик клиникага которулган.
9-июнда УКМК Дашковдун кармалганын маалымдаган. Ал "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып турганда миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгону аныкталган. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1 миллиард 500 миллион сомго бааланган.
Василий Дашков ээлеген кызматынан 25-мартта бошотулган. Буга чейин иликтөөчү журналисттер аталган тармактагы тендерлерди Дашковдун өзүнүн компаниялары утуп келгендигин жарыялаган болчу.