Чүй ОИИББи ПЦР тестти жасап сатып жүргөн шектүүлөрдү кармады

Чүй ОИИББи ПЦР тестти жасап сатып жүргөн шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-август күнү интернет желелерине Кыргыз Республикасынын аймагында белгисиз адамдар тарабынан ПЦР тесттин жыйынтыктарын жасалгалоо боюнча журналисттик иликтөө чыккан.

"Бул материал милиция кызматкерлери тарабынан териштирилип, Аламүдүн РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жогорудагы материалдардын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында 1996-жылы туулган А.Б. жана Б.А. аттуу эки жаран кармалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Алдын ала териштирүү учурунда шектүүлөрдүн бири көзөмөл-өткөрмө жайлардын биринде такси айдап иштеп, кардарларды таап жүргөн. Ал эми экинчиси оорубагандыгы тууралуу ПЦР тесттин жыйынтыгын даярдап келген. Ар бир ПЦР тесттин жыйынтыгы үчүн кардар таап жүргөн шектүү 1300 сомун алса, калган акчаны шектүүлөрдүн экинчиси Б.А. алып жүргөнү маалым болгон.

Учурда Чүй облусунун ИИББинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан мындай кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу максатында ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан