Жалал-Абадда террорчулуктун жана диний экстремизмдин алдын алуу иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облустук милициясы экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан облус аймагында террорчулукка жана диний экстремизмге байланыштуу жагдайлардын алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Жарандар арасында террорчулуктун жана диний экстремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери” аталышындагы атайын иш-чара уюштурулуп, анын алкагында жергиликтүү тургундарга бир топ маалыматтар берилди.

Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда, Таш-Көмүр шаарында өткөрүлгөн жыйындарга Жалал-Абад облусундагы дин иштери боюнча комиссиясынын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик башчылары, прокуратуранын, УКМКнын кызматкерлери, аксакалдар кеӊештеринин мүчөлөрү, коомдук активисттер, имамдар катышты.

Жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний агымдар тууралуу маалыматтар берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан