Белгилүү футбол жылдызы Криштиану Роналду кайрадан "Манчестер Юнайтед" клубуна кайтып келет. Аталган клуб 36 жаштагы португалиялык футболчуну өткөрүп алуу боюнча "Ювентус" клубу менен болгон макулдашуунун ийгиликтүү аяктаганын расмий сайтына жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, футболчу англиялык клуб менен жеке келишимдерин аяктап, медициналык кароодон өткөн соң, аталган трансфер тууралуу расмий билдирүү жарыяланат.
Буга чейин белгилүү футбол жылдызына англиялык "Манчестер Сити" жана француз лигасынан "ПСЖ" клубдары кызыкдар болуп жатканы айтылган.
Эске салсак, Криштиану Роналду "Кызыл шайтандардын" ("Манчестер Юнайтед" клубунун каймана аты) катарында 2003-2009-жылдар аралыгында оюн алпарган.
Ал эми акыркы клубу болгон туриндик "Ювентуска" 2018-жылы кошулган. Ал былтыркы сезондо аталган клуб үчүн 29 гол киргизип, мыкты бомбардир болууга жетишкен.