Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда чыр чыгып, инспектор кокустан аны атып алды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алды. Айдоочу ооруканага жетпей алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 27-август күнү саат 21:30 чамасында Жибек Жолу жана Гоголь көчөсүндө милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери нөөмөттө турган учурда карама-каршы көчөдө 1989-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран RaV-4 унаасы менен бара жаткан. Ал жол эрежесин бузгандыгы үчүн кызматкерлер тарабынан токтотулган.

"Айдоочу документтерин берип, протокол толтурулуп жаткан убакта кетип калган. Бир аздан кийин келип кызматкерлерге уруш чыгарган. Ал патрулдук милициянын кенже инспекторуна кысым көрсөтүп, мушташууга аракет кылган. Мындан улам ортодо чыккан ызы-чуудан инспектордун кызматтык тапанчасынан кокустан ок чыгып, айдоочу А.Ч. жаракат алган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Учурда жеринде ИИМдин, Бишкек ШИИББинин жана Свердлов РИИБинин кызматкерлери иштеп жатышат. Ошондой эле кызматтык иликтөө башталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Pankration_MMA
2021-08-28 01:09:13
Ушул машина айдагандарга таң каласың. Айдаган машинаң миллион сомдон жогору. Жашаган үйүңда миллион сомдон жогору. Телефонуң 30 миңдин тегереги, анан ГАИ лер менен талашканыңар 500 же 1000 сомдук штраф. Ошол үчүнда тиги байкеңе чал, бул байкеңе чал, сөгүш, уруш, нервти кетирип убакытты бекер асманга сапырып 3-4 саат жүрөт ошол жерде. Гаилер андай өчөшкөндөрдү жөн эле койо бербейтта, аларда даканса туруп тигинин баарибир сындырат. Ошончолук төмөн, жадный болосуңарбы акчасы көптөр. Жаздыр штрафты.
+10
Apyn8793
2021-08-28 03:06:35
Туура кылган. Законго баш ийбейби андайларды ит аткандай эле атып салыш керек!
+4
baho07_86
2021-08-28 06:15:46
Apyn8793,эң туура
+7
nazira...
2021-08-28 08:59:12
Адам өлтүрүш деле оңой.болуп калган го, бул адам бирөөнүн баласы, атасы, өмүрлүк жары. Кандай эле милицияларга өздөрүнө кокустук боло берет. Адамдарда сабыр калбай баратат, баары эле кызуу кандуу, баары эле кыйын. Жаздырып алып кете берсе болот эле, ажал айдаган да.
+1
Nurtilek82
2021-08-28 09:09:03
Кокустан деген жери окшошпой калыптыр аттыбы доканса айтпайбы за не подчинение атып салды деп.
+1
Datka7777
2021-08-28 09:20:43
Жакшы иш болбоптур
+2
Jaka1978
2021-08-28 10:03:12
Өтө өкүнүчтүү,пчгы эң ачуу өлүм менен бутуптур да,Аллахым озу бейишинен берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан