Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын инспектору айдоочуну кокусунан атып алган окуянын видеосу интернет желесине тарады.
Анда унаада отурган айдоочу менен кайгуул кызматкери сүйлөшкөнү, бир аздан кийин инспектор протокол толтуруп жатканы, бул учурда айдоочу унаасын айдап кеткенин көрүүгө болот. Бир нече мүнөттөн кийин айдоочу кайра келгени, алардын ортосунда сүйлөшүү болгону, көп өтпөй инспектор тапанчасын алып чыкканы байкалат.
Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.
Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт.