Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын инспектору айдоочуну кокусунан атып алып, айдоочу алган жаракатынан улам каза болду. Окуя боюнча маркумдун достору УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасашты. Видео социалдык тармактарга жарыяланды.
"Кайрылуубуздун максаты - биздин досубуз Чыңгыз Абдраевдин өлүмү боюнча ишти Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алсын. Досубуз мечитке намаз окуу үчүн барган. Ал жол эрежесин бузганы үчүн кайгуул кызматкерлери токтотушкан. Белгилей кетүүчү жагдай, кайгуул кызматкерлери төртөө болгон. Сүйлөшүү учурунда айдоочу менен инспекторлордун ортосунда кайым айтышуу болгон. Андан кийин инспектор эч кандай эскертүүсүз эле табелдик тапачасын алып чыгып ок аткан. Досубуз эч кандай агрессия көрсөткөн эмес, куралы да жок болчу. Эң өкүнүчтүүсү жабырлануучуга кайгуул кызматкерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн эмес, ал эми "Тез жардам" кызматы 40 мүнөттөн кийин келген. Бул учурда досубуз каза болуп калган. Ага чейин күбөлөрдүн бири жабыркаган адамды ооруканага жеткирели дегенде инспекторлор тергөө башталат деп баш тартып коюшкан", - дешет кайрылгандар.
Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.
Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт.
Интернетке инспектордун тапанчасын алып чыккан видеосу жарыяланды.